18-19-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 18-19-октябрь күндөрү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында катуу жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ошондой эле Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 19-24 метрге жетет. 19-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн +3 +8, күндүзү +9 +14; Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0 +5, күндүзү +6 +11; Ысык-Көл жана Нарын облусунун аймагында түнкүсүн 0 +5, күндүзү +5 +10 градус болушу күтүлөт.