Бүгүн, 17-октябрда Ош шаарындагы Исхак Раззаков паркынын жанында жайгашкан 16 кабаттуу турак үйдүн 8-кабатынан өрт чыкканын окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу кабарлаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын Оштогу өкүлчүлүгү аталган үйгө саат 15:10 чамаларында өрт өчүрүү унаасы чакыртылганын тастыктады.
"Чалуу түшкөндөн 5 мүнөт аралыгында өрт өчүрүү унаасы ошол даректе болгон. Бирок ачык өрт болгон эмес, жөн гана 9-кабаттагы батирлердин бириндеги сыналгыдан чукул туташ болуп, өрт чыгып түтөп кеткен. Ошондуктан өрт өчүрүү унаасы барганга чейин эле өздөрү өчүрүп алышкан", - деп билдиришти ӨКМнын маалымат кызматынан.