Өздөрүн “милиция кызматкерлерибиз” деп тааныштырып, айдоочуну тоногон 2 жаран колго түштү

Өздөрүн “Жалал-Абад ОИИБинин кызматкерлерибиз” деп тааныштырып, айдоочуну тоногон жаш балдар колго түштү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Жылдызбек Аттокуров билдирди. 28-май күнү Жалал-Абад ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Сузак районунун Ырыс айылынын тургундары 1991-жылы туулган Алишер Т. менен 1992-жылы төрөлгөн Абдыхалил Х. кайрылышкан. Алардын арызы боюнча, окуя мындай болгон: Жалал-Абад шаарында Т.Алишер айдап бара жаткан унааны артынан мамлекеттик номери жок бир унаа жетип келип, жол четине кысып токтоткон. Ал унаанын ичинен бейтааныш 20-25 жаштардагы балдар түшүп, өздөрүн “Жалал-Абад ОИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлерибиз” деп тааныштырып, Т.Алишердин анын унаасында бара жаткан жүргүнчүнүн уюлдук телефонун жана документтерин тартып алышкан. Аталган факты боюнча Жалал-Абад ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган Медетбек А. жана 1991-жылы туулган Илхомжон П. 28-майда кармалды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан