SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ой жүгүртүп көрбөйлүбү? Логикалык табышмактар" деген тема талкууга алынган.
Колдонуучулардын логикалык табышмактары:
"Трактордун прицебинде адам кетип бара жатат. Ал адам трактор жүрүп бара жаткан кезде эч кандай багыты жок эле ордунан өйдө секирди.
Суроо:
1. Секирген адам кайра эле баштапкы ордуна түшөбү же арт жакка жылып кетеби?
2. Ошол эле ылдамдыктагы троллейбустун ичинде секирсе жылабы же баштапкы абалында калабы?"
"Жолдогу кудуктардын капкактары эмнеге тегерек?"
"Чай шекерге эмне дептир?"
"Бул дүйнөдө баарына эмне керек, жадакалса бул нерсе Жаратканга да керек, Жараткан эч нерсеге муктаж эмес, бирок бул нерсе ага керек?"
"Дүйгө жүзүндөгү адамдардын баары бирдей убакта эмнеге кабыл болушат?"
"Сиз бир жерде отурасыз. Алдыңызды карасаңыз ат кетип бара жатат, артыңызды карасаңыз учак учуп бара жатат. Суроо: сиз кайсы жерде отурасыз?"
"Кайсы гүл сүйүшкөндөр үчүн башын курмандыкка чалат?"
Жоопторун билгиңиз келсе, бул жакка кириңиз.