ЖЫЛНААМА, 17-ОКТЯБРЬ: 1 жыл мурун белгилүү ырчы, Таалай Бектургановдун устаты Нурлан Тилебаев көз жумган

Мындан 1 жыл мурун, 2016-жылы 16-октябрдан 17-октябрга караган түнү белгилүү ырчы, обончу, Таалай Бектургановдун устаты Нурлан Тилебаев узакка созулган боор оорусунан улам көз жумган.

Ырчынын "Эңсөө бийлеп...", "Унутам деп...", "Оо, жаным" жана башка ырлары элге кеңири белгилүү. Анын ырларын таланттуу ырчы Таалай Бектурганов да берилүү менен аткарып, кыргыз элинен калың күйөрмандарды тапкан.

Нурлан Тилебаев 1967-жылы Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Самаркандек айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 3 эркектин улуусу болгон. Ата-энеси мугалим болгондугуна байланыштуу 3-класстан 10-класска чейин мектеп-интернатта окуган. 4-класстан тарта музыкалык аспаптарды үйрөнүп, 8-класстан тарта обон чыгара баштайт. 1989-жылы телеканалдардын бирине оператор болуп ишке орношкон. Кийин режиссёрлукка өтүп, андан соң Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. Телевидение жаатында 22 жылдай эмгектенген.
Таалай Бектурганов менен
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Medina87
2017-10-18 00:40:03
Жараткан бейишинен орун берсин!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан