Эртең, 18-октябрда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Киров суу сактагычындагы суунун баары агызылат. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен кабарлашкандай, сууну толугу менен агызуу аталган суу сактагычты оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу болууда.
"Сууну агызуу оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жүргүзүлүп жатат. Кышка чейин оңдоп жетишүү керек", - деп билдиришти министрликтин маалымат кызматынан.
Аталган суу сактагыч Талас облусунун Кара-Буура районун жана Казакстандын Жамбыл облусун суу менен камсыздайт.