Казак ырчысы Төрегали Төреали эки балалуу болгондон кийин үлпөт тоюн өткөрдү

Белгилүү казак ырчысы Төрегали Төреали 17-октябрда үлпөт тоюн өткөрдү. Той Алматыдагы мейманканалардын биринде болгону маалымдалды. Ага казакстандык шоу-бизнес өкүлдөрү келишти.

Жубайлар үч жыл мурун турмуш курушкан. Үйлөнүү тою болбой кыз узатуу тою гана болгону, экөөнүн эки баласы бар экени айтылып жүрөт. Ырчы үйлөнгөнүн да, балдарын да күйөрмандарына жарыялабай келген. Айрым маалыматтар боюнча экөө тең 25 жашта.

Буга чейин интернеттеги социалдык тармактарга Төрегали Төреалинин үлпөт тоюна чакыруунун сүрөттөрү чыккан. Ырчынын продюсери тойдон кийин жубайлар Дубайга кетишерин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
anelya_kaparova
2017-10-18 08:51:33
Кайрат Нуртас аялын жарыялангандан кийин Төреали дагы аялын жөн гана жарыялабай, той өткөрүүнү чечиптир да)
+1
Aitun
2017-10-18 10:20:47
Аялы ыймандуу экен жолук салынып жолуктун устуно фата кийиптир. Молодец. Ырчынын аялы болсода.
+5
Kg.arts.
2017-10-18 11:33:20
Aitun,Жоолугу го бар экен кокурогун да, Бир аз жаап алса жакшы болмок.
-1
bema10
2017-10-18 12:09:32
Kg.arts., жакшынакай эле жабылып турат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан