Орусия-Казакстан-Кыргызстан-Тажикстан темир жолун куруу боюнча бардык варианттар макулдашылды

Орусия-Казакстан-Кыргызстан-Тажикстан темир жолун куруу боюнча бардык варианттар макулдашылды. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 29-майда журналисттерге маалымдады. “Бул долбоор иштин башталышы гана. Мамлекеттердин башчылары эч качан оңой эле макул боло калышпайт. Бул жерде бардык варианттары макулдашылган. Эми бизге техникалык-экономикалык негиз керек”,- дейт премьер-министр. Кошумчалай кетсек, аталган жолду куруу чечими кечээ, 28-майда Бишкекте өткөн ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейрасмий саммитинде каралган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан