Бүгүн, 18-октябрда түнкү саат 02:40 чамасында Талас облусунда катуу шамал катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Буура районунда 18-октябрда түнкү саат 02:40тан 03:20га чейинки аралыкта ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткен катуу шамал катталды. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.
Мындан сырткары Кара-Балта шаарында жана Бишкек шаарында ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жеткен шамал катталган.