"Манас Ордо" улуттук комплексине келген коноктордун саны жыл сайын өсүүдө (фото)

Жыл сайын Талас облусундагы “Манас Ордо” улуттук комплексине келген коноктордун саны өсүп жатканын SUPER.KG порталына аталган комплекстин директору Ормошбек Чоюнбаев билдирди.
Анын айтымында, келген коноктордун санын билеттен түшкөн каражат менен аныкталат.

Бир жылда 3 миллион сомдон ашык акча түштү. Мисалы, былтыр комплекске 110 миң адам келген болсо, быйыл 120 миңден ашты. Кыргыз мамлекетинин 4 бурчунан келген коноктордон тышкары чет өлкөдөн келген туристтердин саны да арбып жатат. Туристтер Кыргыз дегенде Манас деп түшүнүшөт. Ошондуктан алар Манас кандай жерде жашаган деп кызыгышат. Комплекске улуттук деген макам берилгенден кийин ар кандай иш-чаралар өтүп турат”, - деди Чоюнбаев.

Айта кетсек, “Манас Ордо” улуттук комплексинин жалпы аянты 225 гектар жерди ээлейт. Алгач өкмөттүн токтому менен 1976-жылдын 24-декабрында адабий-этнографиялык музей уюштурулган. Ал эми 1991-жылы “Манас күмбөзү” музей-коругу деп аталган. 1995-жылы “Манас” эпосунун миң жылдык мааракесинен кийин мамлекеттик “Манас Ордо” комплекси болуп негизделген.

Комплексте “Манас таануу” борбору, “Кырк Чоро” көпүрөсү, археологиялык-этнографиялык музейи, “Манас эпосу” фольклордук-этнографиялык музейи, “Манас Ата” күмбөзү тарыхый-архитектуралык эстелиги, “Кароол дөбө” ачык асман алдындагы тарыхый эстелиги жана түлөөкана жайгашкан.

Жүрүӊүз, “Манас Ордо” комплексине саякаттап келели
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aibars
2017-10-19 18:56:46
Ар жакта чачылган Кыргыз Элимди жыйнаган чыгаан Манас Атадай бироо келсе экен.
+6
grace
2017-10-19 19:02:38
Кыргыз элибиз аман болсун ылайым!
+3
Adidas_91
2017-10-19 20:23:02
Казактарбын байрагы турабы
-4
dina
2017-10-19 22:09:14
Adidas_91,жок ортосунда башкача сурот илгерки желек кыргыздардын
+1
ainur78007
2017-10-20 07:57:07
Кируу акысын озубуздун элге арзаныраак кылса болбойбу.Уй булон менен кирип бала чакага корсотуп чыгайын десен бир айлык маянан кетет.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан