Бишкек шаарынын айрым аймактарында таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-октябрда Бишкек шаарынын Жал кичи районунда, ошондой эле Сарбан, Орок айыл аймагында оңдоо иштерине байланыштуу таза суу берүү эртең мененки саат 09:00дөн 16:00гө чейин убактылуу токтотулат.
"Бишкексууканал" ишканасы жашоочуларды кошумча ичүүчү суу камдап алууну өтүнөт.