Өкмөттүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлү эмне болгондо төө буурчактын баасы кымбаттай турганын айтты

“Төө буурчакты кабыл ала турган чоң түркиялык ишкана шайлоодон кийин келебиз дешкен”, - деп SUPER.KG порталына өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев билдирди.

Анын айтымында, төө буурчакты 20дан ашык фирма кабыл алат. “Түркиядан келе турган фирма Кыргыз жергесинде шайлоодон кийин дегени коопсуздукту ойлоп жатканы. Ошондуктан мен Таласта митингге чыккандарга бизге туруктуулук керек экенин айткам. Мындай ызы-чуулар боло берсе, инвесторлор келбей калат. Фирмалар ортосунда атаандаштык болсо, төө буурчактын баасы жогору болот. Быйыл кызыл чаар төө буурчактын баасы 60 сомго чейин болууда. Анткени Ирандан, Грузиядан келген инвесторлор кызыл чаар төө буурчакты жакшы алышат экен", - деди Кенекеев.

"Төө буурчакты көбүнчө түркиялыктар алат. Экспортко жөнөтүүнү жеңилдетиш үчүн темир жол багыты ачылды. Темир жол аркылуу жөнөтүлгөндө жол киреси арзан болуп, баасы жогору болот”, - деп кошумчалады өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү.

Ошону менен катар эле ал мамлекеттик кызматкер, укук коргоо органынын кызматкери төө буурчакты сатууда ортомчу болбош керек экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nanei
2017-10-18 10:55:35
Эми митинг ге шылтагыла.
+2
Дарыгер
2017-10-18 11:54:30
Аша бугун дагы бирдемелерди суйлоптур. Казакстан качан границаны ачаары белгисиз бойдон калууда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан