10-октябрь - Бүткүл дүйнөлүк психикалык ден соолук күнүнө карата өлкө аймагында 1 айлык жарыяланган эле. Бир айлыктын алкагында бүгүн, 18-октябрда Бишкекте тегерек стол болуп өттү.
Маалыматка караганда, өлкө аймагында психикалык ооруга кабылган 70 миңден ашуун адам каттоого алынган. Аларга психикалык жардам стационардык жана амбулатордук деңгээлде көрсөтүлөт. Азыркы тапта психикалык ден соолукту коргоо боюнча программа иштелип чыгып, өкмөттүн кароосуна жөнөтүлгөн.
Анда стационардан тышкары жардам берүүнү өнүктүрүү каралган. Тегерек столдо дал ушул көйгөйгө байланыштуу маселелер каралды.
Психикалык ден соолук республикалык борборунун директору Ураимжан Исмаилов жогорудагы программада психикалык ооруга чалдыккандарга жардам берүүдөн сырткары коомчулуктун аларга болгон мамилесин өзгөртүү каралганын белгиледи.
"Программада кризистик борборлорду ачуу, мобилдик бригадаларды түзүү бар. Азыр пилоттук долбоор катары Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ишке киргизилип жатат. Кризистик борборлорду ачуунун максаты өзгөчө кырдаалдар учурунда психологиялык, психиатриялык жардам көрсөтүү. Бул багытта иш алып баруу үчүн үй-бүлөлүк медициналык борборлордун дарыгерлери менен бирге тыгыз иштешүү зарыл. Мобилдик бригадаларды түзүүнүн максаты - алыскы аймакта жашагандарга жардамды жеткиликтүү кылуу", - деди ал.