Бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин жаӊы депутаты Зарылбек Рысалиев ант берди. Ал "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп бекитилди.
"Жогорку Кеңештин депутаты болуп жатып Кыргыз Республикасына берилгендигимди билдирип, мыйзамдарды так аткарууга ант берем", - деди депутат.
Рысалиев мурдагы депутат Нургазы Нышановдун ордуна келди. Нышанов башка кызматка дайындалганына байланыштуу өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.
Жогорку Кеӊештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жалпы депутаттардын атынан Рысалиевди куттуктап, анын ишине ийгиликтерди каалады.