Бишкек шаарындагы Фучик эс алуу багы толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эс алуу бактагы жолдор оңдолууда. Учурда 800 чарчы метр аянттагы эски асфальт казып алынууда. Ошондой эле сугат тармагын жөнгө салууда иш жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары алдыда көчөт отургузуу пландалууда. Эс алуу бактагы 3448 метр узундуктагы суу лотокторун алмаштыруу каралган.
"Ленин райондук администрация жарыктандыруу иштерин жакшыртууда 87 мамы орнотуп, заманбап жарык берүүчү лампаларды орнотмокчу. Ошондой эле эс алуучу жайга интернет колдонуучулар үчүн 11 жерге Wi-Fi орнотулат. Мындан сырткары 22 даана видеокөзөмөл коюлат", - деп билдирди басма сөз кызматы.