Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев "Шамбесай" алтын кенинин Кыргызга экономикалык пайдасы жок экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-октябрда парламент жыйынында билдирди.
"Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнө бардым. Ал жерде эл "Шамбесай" алтын кени тууралуу маселе көтөрдү. Элдин айтымында, бул кендин экономикалык жактан пайдасы жок. Мисалы, талап боюнча кен казылган жер дарыядан канча аралыкта алыс болушу керек?" - деп сурады.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскулов аталган кен боюнча австралиялык “Зет-Эксплорер” компаниясы долбоорду иштеп чыкканда талапка ылайык экспертизадан өткөргөнүн айтты. Айтымында, компания каражаты жетишпей февраль айында кенди иштете албай турганын билдирген. Өкмөт өкүлү Кытайдын мамлекеттик компаниясы кенди иштетүүгө келгенин кошумчалады.
Жанар Акаев инвесторлор алтын кенин иштеткени үчүн бюджетке төккөн 40 миллион сом аз экенин билдирди. "Жылына 40 миллион сом төгөт экен. Жергиликтүү калктын жер-жемиши зыян тартып жатат. 40 миллион сомду жер-жемиштен эле 1 жылда таап койсо болот", - деди депутат.
Рыскулов аталган компания канча салык төгө турганы боюнча депутатка расмий кат жөнөтө турганын айтты.