Мыкты окуган студенттер Атамбаевдин колунан президенттик стипендия алышты (фото)

Бүгүн, 18-октябрда Бишкекте "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында студенттерге президенттик стипендия тапшыруу аземи өттү. Иш-чарада 2016-2017-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча республикадагы бардык жогорку окуу жайларда билим алып жүргөндөр сыйланды.

Быйыл май айында президенттик стипендияга документтерди кабыл алуу жарыяланып, өлкө аймагындагы 32 жогорку окуу жайынан 178 студент сынакка катышкан.

Мамлекеттик органдардан, жарандык коомдон жана көз карандысыз эксперттерден турган комиссия алардын арасынан эң мыкты жетишкендиктерге жетишкен 70 студентке сыйлык ыйгарды.

“Силер Кыргыз Республикасынын келечегин коргой турган, мамлекетти эң бай кыла турган, көз карандысыз кыла турган жаштарсыңар. Майрамыңар менен! Дайым аман болгула. Мен силерге жана силердин жакындарыңарга, эң негизгиси мугалимдериңерге ыраазычылык билдирем”, - деди президент.

Эске сала кетсек, студенттер үчүн президенттик стипендия жыл сайын салттуу берилип келет.

А.Атамбаевдин студенттерге президенттик стипендия тапшырууда сүйлөгөн сөзү (толугу менен)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
almanbetperm
2017-10-18 17:28:01
Ушулардын алдында саясат жонундо суйлобой эле койсо болмок ажообуз
+1
nurbekasr
2017-10-18 19:52:53
Ушунун ушул өнөрү эч бир калбады,качан болсун адамдарды залга камап алып билгенин сүйлөп.Андан көрө Назарбаевден кечирим сурап,чек араны ачыш керек да болбогон иштер менен жүрө бербей.Сапар кетиптир ал эч нерсе чече албайт көрөсүңөр,сүрөткө түшүп баса берет.
+10
mir777
2017-10-18 22:02:30
nurbekasr,хах залга камап алып
-1
NURSAPAR
2017-10-18 22:41:48
Кээ бир адамдарда бет жок анау бирөө студенттерди зордоп шайлатып анан админресурс колдонулган жок деп ошолордун бетине айтты гой
+2
Paolo
2017-10-19 04:01:18
Чачы сары кыз жагып калган бир болсо тазза кучактап алыптыр го
-1
jbolotov
2017-10-19 10:48:30
ХХХХ анан сыйлык тапшырмай. Анан адатынча балп этмей ошо менен уктамай экенда
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан