Быйыл Таласта 500 гектар кант кызылчасы айдалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев билдирди.
Анын айтымында, аталган облуста кант кызылчасынан дыйкандар гектарынан аз дегенде 50 тоннадан түшүм алып жатат.
“Таластын кант кызылчасынын канттуулугу жогору болот. Жерибиз кант кызылчасынын өсүүсүнө ыңгайлуу. Айыл чарба министрлиги Таластын дыйкандарына кант кызылчасын өстүрүүнү сунуштаган. Бирок элдин көпчүлүгү министрликтин сунушун кабыл алышкан жок. Элди деле түшүнсө болот. Төө буурчакты эккен оңой. Анткени төө буурчакка ыңгайлаштырылган техникалар бар. Эми дыйкандар бири-бирин көрүп кант кызылчасын айдап баштайт. Өткөн жылы төө буурчактын баасы жогору болгондуктан аянты көбөйүп кеткен”, - деди ал.