Парламентте мамлекеттик сырларды коргоону жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеӊеште мамлекеттик сырларды коргоону жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Мыйзам долбоордун демилгечиси депутат Абдывахап Нурбаевдин айтымында, мыйзам долбоорунун максаты тышкы жана ички саясат, аскердик жана техникалык даремет, экономика жаатындагы мамлекеттик сырлардан көрүнүүчү мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо, мамлекеттик сырларды коргоо маселелериндеги жалпы багытты аныктоочу жоболорду белгилөө.

“Мамлекеттик сырларды коргоо улуттук коопсуздуктун кепилдиктерин камсыз кыла турган эӊ маанилүү бөлүктөрдүн бири болуп саналат. Ал эми ЖККУ, КМШ, ШКУ курамына кирген мамлекеттердин мыйзамдарындагы айырмачылыктардан улам жашыруун маалыматтардын билинип калышына өбөлгө түзүлүшү мүмкүн”, - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан