Депутаттар Кыргыз подполковнигинин Казакстанда баңгизат менен кармалышы күмөн жаратарын айтышты

"Кыргыздын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын подполковнигинин Казакстанда баңгизат менен кармалганы күмөн жаратып жатат", - деп билдирди бүгүн, 18-октябрда парламентте депутат Алмазбек Токторов.

Депутат бул окуяга Кыргыздын мамлекеттик органдары реакция кылбай жатканын айтты. "Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын подполковниги Казакстанда баңгизат менен кармалганына эки күн болду. Азыркыга чейин Кыргыздын мамлекеттик органдары тарабынан реакция жок. Тышкы иштер министрлиги кайрылуу жасашы керек. Ал Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында Казакстанга машыгуу үчүн бараткан. Баңгизат менен кармалганы күмөт жаратып, ишенгим келбей турат", - дейт депутат.

УКМКнын өкүлү териштирүү жүрүп жатканын, бул боюнча Башкы штабдын жетекчиси жооп берерин билдирди.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын подполковниги Казакстанда баңгизат менен кармалганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
kechirmeni
2017-10-18 14:12:04
Отура бергиле эмне болсо мага баары бир деп жайлап алган баладай болуп. Кичине реакция кылсанар боло, чек ара турат чечилбей, бул жакта офицер камалып турат, дагы коптогон проблемалар турат. Иштей албасанар иштегендерге бергиле ордунарды.
+4
jbolotov
2017-10-18 14:13:09
Жогорку рангдагы аскер адамын подстава кылмак беле, ал эч ким текшербейт деп жургондур балким
+5
Taalaibek.
2017-10-18 14:26:19
Эгер чын болсо, анда эмне кылмак эле?
+4
Bolunbo.kyrgyz
2017-10-18 14:38:29
Эчким текшербейт деп эле салып алмак беле ага не кереги бар. Бирок бир кудай билет актыгын
+4
abusait
2017-10-18 14:45:24
Кумон санаап отура бергиле . Колунардан эмне келет деп жататда казактар. Бироолордун башындагы чопту карабай озубуздун тоодой проблеманы айтса болмок ажобуз.
+4
kechirmeni
2017-10-18 14:54:35
Ажонун ажо деген эле аты калды. Кетсе эртерээк кетсинси, озу мунун жогу эле жакшы болуп атат, уже пайдасы тийбей тескерисинче зыяны тие баштады
+5
beka1207
2017-10-18 14:56:29
Казактар колдон келишинче басым жасоо рычагдарын колдонуп атышат,биздин аткаминерлер колдон эмне келет далилдегилечи!
Болбосо ашыкча созду айтпоо керек болчу Атамбаев
+5
Patriot7
2017-10-18 15:08:39
Подставабы жокпу мага карангы... Ал да, бул да болушу мумкун....
+2
ori
2017-10-18 15:30:25
Менин оюм боюнча бул постава!кантип эле Жогорку чиндеги офицер бул кадамга барат?барган кундо да озу эмес шестеркаларын жумшамак !атамбаев оз жарандарынды курмандыка чалып жатасын!уят!намыс!кайда?
+2
Makain
2017-10-18 18:09:12
Анын арасында депутат акам барго коргоп жатканына караганда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан