Футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде октябрь айынын жыйынтыгы боюнча 41-орунду ээледи. Бул тууралуу рейтингди түзүү менен алектенген сайттардын бири бүгүн, 18-октябрда маалымдады.
Маалыматка ылайык, Кыргыз курамасы 1053 упай топтоп 41-орунда жайгашкан. Тизмеде улуттук кураманын алдында 1061 упай топтогон Перу курамасы турат, 1052 упай менен Грузия курамасы Кыргыз футзалчылардын артында жайгашкан. Азия өлкөлөрүнүн арасында Кыргыз курамасы 7-орунда жайгашууда.
Дүйнөлүк рейтингдин сап башында Бразилия турат, алдынкы ондукта Испания, Орусия, Аргентина, Иран, Италия, Португалия, Украина, Казакстан, Азербайжан командалары жайгашкан.
Эске салсак, 1-августка караган рейтингде Кыргыз курамасы 41-орунда болчу, бирок сентябрь айынын жыйынтыгында Кыргыз футзалчылар 43-орунга түшүп калган.