Бүткүл дүйнөлүк психикалык ден соолук күнүнө карата бүгүн, 18-октябрда психиатриялык ден соолук жаатындагы көйгөйлөр талкууланды. Психикалык ден соолук республикалык борборунун директору Ураимжан Исмаилов өлкөдөгү психиатриялык оорулардын алдын алуу жана бул жаатта жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып берди. Ал бул тармакта көйгөйлөр көп экенин, каражат маселеси курч болгону менен аларды чечүү жолдору жай темп менен болсо да каралып жатканын белгиледи.
"Психиатриялык жардамды калкка жакындатуу чаралары көрүлүп жатат"
Психикалык ден соолук тармагындагы кырдаал көбүнчө каражат маселесине келип токтолот. Азыр каражат аз болсо да үнөмдүү жана максаттуу пайдалануунун үстүндө иштеп жатабыз. Стационардык жардамды калк жашаган аймакка жакындатуу иш аракеттери Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосу менен жүзөгө ашууда. Учурда өлкөнүн түштүк аймагында 8 пилоттук долбоор иштеп жатат. Биз айылдардын ден соолукту чыңдоочу борборлоруна жергиликтүү бийлик менен алгачкы психикалык ооруларга кандай жардам көрсөтүү керектигин түшүндүрүүгө басым жасап жатабыз. ФАП, Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун дарыгерлерине бейтаптарга карата укук бузууларды аныктоону түшүндүрүп жатабыз. Пилоттук райондор менен иштөө үчүн жабдуулар алынды. Адистер даярдалып жатат. Телепсихиатрияда интернет аркылуу аймактагы көйгөйлөр боюнча биздин кызматкерлер консультация беришет. Азыркы тапта диагностиканын деңгээли жогорулап, оорулар аныкталып, социалдык жардамга муктаждарга керектүү тыянактарды берип жатабыз.
"Аутизм менен даун синдромун аныктоо менен гана чектелип калып жатабыз"
Даун синдрому менен балдардын төрөлүшү же аутизмге чалдыгышына түрдүү себептер бар. Баарын тубаса деп айтуу кыйын. Медициналык, социалдык, биологиялык себептер бар. Даун жана башка ички органдарды бала төрөлө электе аныктоого болот. Бирок биз аутизм менен даун синдрому бар балдарга диагностика менен гана чектелип калабыз. Өнүккөн өлкөлөрдө бизге караганда диагноз коюу жагы да кенен. Биз көп адамды каттоого ала албайбыз. Мындан сырткары реабилитациялоого шарт жок. Бейөкмөт уюмдар, ата-энелер өз алдынча аракет кылып жүрүшөт. Бул дартты аныктоодо педиатрлардын, балдар психиатрынын мааниси чоң. Тилекке каршы, өлкөгө 50 балдар психиатры керек болсо, бизде 10 эле бар. Бул кесипти жаштар көп тандабай жатышат.
Психикалык ооруга чалдыккандарга толеранттуу мамиле кылуу - быйылкы жылдагы девизибиз"
Психикалык ооруга кабылгандарга коомчулуктун мамилесин өзгөртүү, толеранттуу мамиле жасоого үндөө - бул биздин быйылкы жылдагы девизибиз. Бул багытта эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.Тилекке каршы, психикалык ооруга жумушка жарамдуу курактагылар же 25-50 жаштагы адамдар көп кабылат. Бул жаштагылар эң активдүү деп эсептелет. Психикалык оорунун алдын алуу үчүн сергек жашоо образын карманып, спорт менен машыгып, үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып туруусу керек. Стресс менен депрессиядан өз убагында арылуу үчүн аракет кылган оң. Жашырып жүрсө оорлошуп кетүүсү мүмкүн.