Таластагы суу сактагычтын суусун агызуу бир күнгө жылдырылды

Талас облусундагы Киров суу сактагычынын суусун агызуу 19-октябрга жылдырылды. Бул тууралуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директору Кокумбек Таштаналиев бүгүн журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Таштаналиевдин айтымында, учурда суу сактагычтагы көлөмү 30 миллион метр куб суунун баары агызылат.

"18-октябрда агызуу боюнча Казакстан тарапка маалымат бергенбиз. Алар кооптуу шарттар жаралбоосу үчүн даярдык көрүүгө дагы бир күн убакыт берүүнү суранышты. Ошондуктан эртеңден тартып сууну агызып баштайбыз. Эч кандай кооптончу маселе жок. Сууну агызуу оңдоо иштерине байланыштуу болуп жатат. Оңдоо иштери бүткөндөн кийин кайра суу толтурулуп баштайт. Жаз айына чейин толот", - деди Таштаналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kanat.tls
2017-10-19 09:10:30
Мен билгени Киров суу сактагычында кооп жылдар боюу суу толук агызылган эмес. Бул деген саясат!!! 100%
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан