Казакстан Киров суу сактагычынан агызылган сууну кабыл алууга даяр экенин билдирди

Казакстан Киров суу сактагычынан агызылган сууну кабыл алууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда казакстандык басылмалар аталган өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Руслан Иманкуловдун сөзүнө таянып жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Киров суу сактагычындагы суу коё бериле турганы тууралуу маалыматты Кыргыз өлкөсү Казакстанга билдирген.

Руслан Иманкулов Кыргыз тарап секундасына 100 метр куб суу чыгарыларын убада кылганын айткан. Анын айтымында, казак тараптын суу агуучу нугу секундасына 200 метр куб сууну кабыл алууга даяр экенин билдирген.

Эске салсак, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги 18-октябрда Кара-Буура районундагы Киров суу сактагычындагы суунун баары агызыла турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dimonbek
2017-10-18 16:53:27
Мынтип коркута албайсыңар деген тура
-2
Isco23
2017-10-18 17:16:53
Dimonbek,суу мн да коркутат ьекен
+1
Isco23
2017-10-18 17:16:21
Алар балким топтойттур ким билет вдхр сыяктуу бир жерди чукуп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан