Көздөрүнүн жылдыздуулугу менен көп бийкечтин жүрөгүнө чок салган, 2006-жылы дүйнөдөгү 25 жашка чыга элек эң бай адамдардын катарын толуктаган актёр Зак Эфрон бүгүн, 18-октябрда 30 жашка чыкты.
Көпчүлүккө тараган маалыматка ылайык, актёр АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Луис-Обиспо аттуу жеринде 1987-жылы 18-октябрда жарык дүйнөгө келген. 4 жашынан баштап ар кандай театралдык ийримдерге катыша баштаган. 15 жашынан тартып түрдүү долбоорлорго катышып, тасмалардагы чакан эпизоддорго тартыла баштаган.
2002-жылы бир канча телесериалдарда роль жаратканга жетишкен, алардын ичинен популярдуулукка жеткен "Скорая помощь", "Защитник" сериалдары. Мындан сырткары Зак "Классный мюзикл", "Вечное лето" сериалдарындагы "Папе снова 17", "Я и Орсон Уэллс", "Двойная жизнь Чарли Сан-Клауда", "Счастливчик", "Этот неловкий момент" аттуу тасмаларда роль жаратып атактуулукка жеткен.
2013-жылы актёр аракечтиктен жана баңгиликтен жабыркап, дарыланууга мажбур болгон. Үйлөнө элек, 2014-жылдын апрель айынан баштап 2016-жылдын сентябрь айына чейин Сами Мир аттуу модель кыз менен сүйүү мамилесинде болгон.
18-октябрга карата жылнаама.