ЖЫЛНААМА, 19-ОКТЯБРЬ: Залкар комузчу, күүчү, ырчы Нурак Абдырахманов арабызда болгондо 70 жашка толмок

Залкар комузчу, күүчү, ырчы, дастанчы Нурак Абдырахманов көзү тирүү болгондо бүгүн, 19-октябрда 70 жашка толмок.

Ал 1947-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында туулган. Эмгек жолу өз айылында клуб башчысы болуу менен башталган. Райондук маданият үйүнүн жана балдар музыкалык мектебинин директору, Аламүдүн районунун Байтик айылындагы Маданият үйүнүн башчысы болуп иштеген. 1986-жылдан тартып Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын солисти болгон. Токтогул, Атай, Муса, Бектемирлердин жана элдик ырларды чебер аткарган. Эл аралык көптөгөн фестивалдардын лауреаты. Анын аткаруусундагы музыкалык чыгармалар Японияда, Францияда, Чехияда, АКШда компакт-дисктерге жазылып, массалык нуска менен чыгарылган. 2001-жылы август айында Өзбекстандын Самарканд шаарында ЮНЕСКО менен биргелешип өткөрүлгөн музыкалык фестивалдын байгесин жеңип алып, ЮНЕСКОнун сертификатынын ээси болгон. Бул сертификат Нурак Абдырахмановго дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун концерт берүүгө жолдомо болгон.

Нурак Абдырахмановдун аткаруусундагы "Жибек жол", "Так теке" чыгармалары анын өнөрүн дагы өзгөчө деңгээлге көтөрүп, дүйнө элдерине даңазалаган. Анын "Аттила хан", "Азаттык камбаркан", "Улуу тоолор", "Сары-Өзөк", "Найман эне" жана башка көптөгөн күүлөрү жана "Бул дүйнө", "Аппак сүйүү тартуула" сыяктуу обондуу ырлары бар. 2009-жылы "Нурактын күүлөрү" деген аталыш менен анын чыгармаларынын арасынан 17 залкар күүсү нотага түшүрүлүп, өзүнчө көлөмдүү китеп болуп чыккан.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Нурак Абдырахманов узак оорудан улам 2014-жылы 25-майда 67 жаш курагында дүйнө салган.

19-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан