Таласта 18-октябрда катталган катуу шамалдан мектептин жана турак үйлөрдүн шиферлери талкаланганы белгилүү болду

Таласта катуу шамалдан келтирилген чыгымдар такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл аймагындагы Осмонов атындагы мектептин 40 даана шиферин учуруп кеткен. Катуу шамалдын кесепеттерин жоюу жана имаратты калыбына келтирүү Ак-Чий айыл аймагынын башчысына милдеттендирилди.

Ошондой эле Жийде айылында №8-турак үйдүн 12 даана шиферин, Токтогул көчөсүндөгү №4-турак үйдүн 4 даана шиферин жана Көк-Сай айыл аймагынын Керимбай атындагы орто мектебинин 4 даана шиферин учуруп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан