Талас облусундагы Киров суу сактагычынын суусу бүгүн, 19-октябрда агызылып баштады. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Суу чарба жана мелиорация департаментинен кабарлашты. Ал эми сууну кабыл алууга 18-октябрда Казакстандын Жамбыл облусу толугу менен даяр экендигин билдирген. Суу чарба жана мелиорация департаментинин башчысы Кокумбек Таштаналиевдин айтымында, 5-6 күндө суу сактагычтагы суу агызылып, андан кийин текшерүү жүргүзүлөт. Анын натыйжасында оңдоо иштери жүрөт.
"Сууну агызуудан Манас районуна да, Казакстандын Жамбыл облусуна да кооптуу жагдай жаралбайт", - деп айткан Таштаналиев.
Эскерте кетсек, Киров суу сактагычы 1975-жылы Талас дарыясына курулган. Андагы суунун 12 пайызын Манас району, 88 пайызын келишимдин негизинде Жамбыл облусу пайдаланат.