Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин болжолдуу маалыматы боюнча 2017-жылдын январь-сентябрында орточо эмгек акынын өлчөмү 14 801 сом болду. Көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 3,4 пайызга өскөн.
Тышкы соода жүгүртүү январь-август айларында 3 миллиард 888,4 миллион долларды түзүп, 2016-жылдын ошол мезгилине салыштырмалуу 12,1 пайызга өстү. Анын ичинде экспорт – 1 миллиард 106,4 миллион долларды (өсүү 24,4 пайызга), импорт – 2 миллиард 782 миллион долларды (өсүү 7,8 пайызга) түздү.
Импорттун көлөмү экспорттун көлөмүнөн көбөйүп кеткенине байланыштуу соода балансынын терс сальдосу 1 миллиард 675,6 миллион долларды түздү.
Расмий катталган жумушсуздардын саны 2017-жылдын сентябрь айынын этегинде 62,8 миң адамды түзүп, 2016-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11,7 пайызга өскөн.