Премьер-министр Сапар Исаковдун 2-айы

Сапар Исаковдун Кыргыз өкмөтүн жетектеп жатканына бүгүн, 26-октябрда эки ай болду. Анын 1 айлык ишинин урунттуу учурларын, кабыл алган чечимдерин SUPER.KG порталы өткөн айда тизмектеп чыккан. 40 жаштагы премьердин экинчи айы кандай өттү, кандай чечимдер, кадамдар менен коштолду?

ЭЛДИН ҮНҮН УГА БИЛҮҮ

Өкмөт жетекчиси Сапар Исаков аймактарды кыдырып, карапайым элдин көйгөйүн жеринен көрүп-билүүгө, элге жакын болууга аракет кылып жатат. 25-26-сентябрда Ошту кыдырып, Чоӊ-Алай жана Өзгөн аймактарында табият кырсыктарынан жабыркаган элдин арыз-муӊун угуп кайтты. Өкмөт башчы айтылган бардык маселелер ыкчам түрдө тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан каралып чыгарын билдирди. Октябрда анын Нарындагы сапары, тагыраагы, 5 баланы жалгыз тарбиялап жаткан Нуриза Кичинебатырованын үйүнө барып колдоо көрсөткөнү коомчулукта кызуу талкууланып, көбүнчөсү ыраазы пикирлерди жаратты.

ЭЛГЕ ЖЕӉИЛДИК

28-сентябрда өкмөт облустарда электр энергиясына карата коюлган лимиттерди көбөйтүү жана имараттарды электр энергиясы менен жылытууга коюлган чектөөлөрдү алып салуу сунушун колдоду. Сапар Исаков вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге аймактарды кыдырып, элдин кышка даярдыгын көрүп чыгууга тапшырма берди.

ҮЙСҮЗДӨРГӨ ҮМҮТ

28-сентябрда Сапар Исаков Мамлекеттик ипотекалык насыянын үстөгүн 10 пайыздан 8 пайызга түшүрүү буйругуна кол койду. Ага ылайык, 2017-жылдын 1-октябрынан тартып мамлекеттен турак жай үчүн кредитти 8 пайыздан алып баштоого жол ачылды. Мамлекеттик ипотекалык кредиттин пайызын түшүрүү зарылдыгы көптөн бери айтылып, бирок тийиштүү чечим кабыл алынбай келе жаткан. Ошентип, ипотека шартында үй алууга аз да болсо жеӊилдик түзүлдү. Мындан тышкары, Исаков Каржы министрлигине “Жеткиликтүү турак жай” программасы үчүн каражатты көбөйтүү планын тез арада даярдоо тапшырмасын берди.

ОРУСИЯГА САПАР

Адатта, мамлекет башындагы адамдардын биринчи сапарына маани берилет. Сапар Исаков премьер-министр катары биринчи расмий сапарын 29-сентябрда Орусияга жасады. Анда Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин, ошондой эле Кыргыз диаспоралары менен жолугушту. Жолугушууларда өлкөлөр ортосундагы кызматташтык талкууланды.

КҮТҮҮСҮЗ РЕЙДДЕР

Сапар Исаков мамлекеттик мекеме, ишканаларды күтүүсүз барып текшерүүлөрү менен айырмаланууда. Мисалы, 4-октябрда таӊкы саат 6:20 чамасында "Манас" эл аралык аэропортуна айттырбай барып, ал жерде дайыма болуп келе жаткан абалды өз көзү менен көрдү. Рейдден кийин премьер: "Жарандардын жана коноктордун даттануулары толук негиздүү. Чек ара жана бажы кызматтары менен аэропорт жетекчилиги тез арада азыркы көйгөйлөрдү чечиши керек. Тийиштүү кызматтар жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо этикетин да эске алышы керек. "Манас" аэропорту – өлкөнүн негизги аба дарбазасы", - деп билдирди. Ушул эле күнү өкмөттө кеӊешме өткөрүп, аэропорттун ишин жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Мындай күтүүсүз барып текшерүүлөрдүн такай болуп турушу калкка тейлөө кызматын көрсөткөн башка мамлекеттик мекемелерге да сабак болмок.

КАТУУ СӨГҮШ

Премьер-министр командасындагы Дүйшөнбек Зилалиевге жаза берүүдө коомчулуктун сынына кабылды. Вице-премьер-министр Зилалиев президенттик шайлоо алдында Баткенде элди талапкер Сооронбай Жээнбековду шайлоого үгүттөгөнү талкуу жаратып, БШКнын чечиминен кийин Сапар Исаков ага эскертүү берүү менен чектелген эле. Өкмөт башчынын бул чечими "Зилалиевди калкалоо" катары кабыл алынып, коомдо сындардын жаӊы толкунун жаратты. Мындан кийин БШК жазаны катуулатуу сунушун жиберип, Исаков Зилалиевге эскертүүдөн кийин катуу сөгүш берип жазалоого аргасыз болду.

"ТАЗА КООМ" ДОЛБООРУ 3 ЖЫЛДА ИШКЕ АШЫРЫЛАТ

10-октябрда Сапар Исаков Электрондук кызмат көрсөтүү мамлекеттик порталынын бет ачарына катышты. Анда өкмөт башчы "Таза коом" долбоорун өкмөт 3 жылдын ичинде ишке ашырарын айтып: "Келечек бүгүндөн башталат. Кыргыз мамлекети гүлдөп-өсүшү үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз", - деп билдирди.

ПРЕЗИДЕНТТИН ОРДУНА ПРЕМЬЕР

"Шайлоо алдында тополоӊ чыгышы мүмкүн, менин өлкөдө болгонум туура" деп президент Алмазбек Атамбаев 11-октябрда Сочиге Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына баруудан баш тартты. Анын ордуна премьер-министр Сапар Исаков катышты. Бул иш сапары Кыргыз-Казак чек арасында абал оорлоп, жарандар чек арадан өтө албай турган учурга туш келди. Андыктан Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынын "Сапар Исаков Сочиде президент Нурсултан Назарбаев менен сүйлөштү, Назарбаев чек арадагы көйгөйдү карап чыгуу боюнча өкмөткө тапшырма берерин билдирди" деген кабарды таратуусун жарандар жеңилдене кабыл алышты. Бирок бул кубаныч көпкө узабады. Казакстан Сочиде Назарбаев менен Исаковдун эки тараптуу жолугушуусу болбогонун, Кыргыз премьери менен Казак башчысы маселени басып баратып кыска талкуулашканын айтып маалымат таратты. Казак тараптын мындай мамилеси Кыргыз өкмөтүн "ыңгайсыз" абалга койду.

ЖАШ КАДРЛАР ПАРАДЫ

40 жаштагы Сапар Исаков өз командасына жаш кадрларды топтоону улантууда. 16-октябрдагы буйругу менен Урмат Кабылованы (28 жашта) маалымат катчы, Чыӊгыз Эсенгул уулун (30 жашта) өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кылып дайындады. Буга чейин өкмөттүн маалымат кызматын жетектеп келген Гүлнура Төралиеваны (33 жашта) өзүнө кеӊешчи кылып дайындады. Алексей Коротеев премьер-министрдин коомдук башталыштагы кеӊешчиси болуп дайындалды. Премьер-министр буга чейин жалаӊ 30-40 жаштын тегерегиндеги, чет өлкөлөрдөгү алдыңкы окуу жайлардан билим алган кадрларды өзүнө кеӊешчи кылып дайындаганы белгилүү.

КЫРГЫЗ-КАЗАК КРИЗИСИН ЖОЮУГА АРАКЕТ

Кыргыз премьер-министри 18-октябрда Астанага иш сапары менен барды. Анда Кыргыз-Казакстан чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөшүү жүргөнү белгилүү болду. Бул сүйлөшүүдөн соң чек арадан жарандарды жана автоунааларды өткөрүүдө артыкчылыктуу тартип киргизилерин айтып, Казак өкмөтү маалымат таратты. 25-октябрда Арменияда ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жолугушуусу өтүп, анда дагы Кыргыз-Казак премьер-министрлери эки тараптуу сүйлөшүү жүргүздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан