АКШнын жашоочусу үйүндөгү жөргөмүштөрдү желеси менен өрттөйм деп жатып, үйүн өрттөп алды

АКШнын Аризона штатынын тургуну үйүндөгү жөргөмүштөрдү өрттөйм деп жатып үйүн өрттөп салганын The Independent жазат.

Басылма жазгандай, тургун өз үйүндөгү желелеп кеткен бурчтарды газ толтурулган куйкалагыч менен күйгүзүп коюуну чечип, бирок өрт кырсыгынын келип чыгышын камсыздаган. 11 мүнөттө өрт өчүрүү кызматы жете келген. Бирок ал учурда үйдү жалын каптап калган.

Жөргөмүштөр менен кармашам деп жатып кырсыкка себепкер болгон үй ээси кошуналарынын жардамы менен карыган апасын сыртка алып чыгууга араң үлгүргөн. 23 өрт өчүрүүчү кызматкер 10 мүнөттүн ичинде жалындаган үйдү өчүрүшкөн. Учурда өрттөн улам келтирилген чыгымдарды эсептеп, камсыздандыруу компаниялары менен иш жүргүзүлүп жатканын жазат аталган басылма.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
janat.kg
2017-10-19 10:08:34
Колдон келсе камсыздандыруу компаниясын ачсан тез арада бутуна турасын. Биздин олко эмитен законду кучуно киргизип атат.
+1
Bolunbo.kyrgyz
2017-10-19 10:10:31
janat.kg, бизде андайларга ишениш жок
+4
asylbekova
2017-10-19 10:33:24
11минутта дейби? Бизде 10мин жолго кеминде 1саатан кийин келетго.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан