Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Орток айыл өкмөтүндө дайынсыз жоголгон токойчу табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-октябрдан бери дайынсыз жоголгон Таш-Башат айылынын тургуну токойчу Жолчубек Абдрасуловду издөө иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар тобу Жаңы-Жол аймагынан Жан-Булак айылына чейин издөө иштерин жүргүзүшкөн. Бирок табылган эмес.
Эске салсак, жоголгон токойчуну издөө иштери 10 күндөн ашуун убакыттан бери жүргүзүлүүдө.