Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Кыргызстан" фракциясынан депутат Алмаз Эргешов өлкөдө жол кырсыктарынын саны өсүп жатканын айтып, өкмөткө айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады.
"Акыркы мезгилдерде жол кырсыктары көбөйүүдө. 2017-жылдын 9 айында 4 миңден ашык жол кырсыгы катталып, мындан 500дөн ашык адам каза болуп, миңден ашык адам оор жаракат алды. 10 жылдык Ооган согушу учурунда СССР 13835 адам жоготкон, ал эми бизде 10 жылда 10 миңден ашык адам каза тапты. Муну салыштырып көрсөк, согуш жүрүп жаткандай эле болуп жатат. Көпчүлүк кырсыктар шаар аралык жолдордо орун алууда. Ошондуктан айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүшүбүз керек. Ичип алып унааны башкарган айдоочуларга 50 миң сом айып салып, бир жылга айдоочулук укугунан ажыратуу керек", - деди Эргешов.