Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев өкмөт кыш мезгилине даярдануу боюнча токтомду бербей жатканына нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал тез аранын ичинде парламент кыш мезгилине даярдануу боюнча маселени кароосу керек экендигин белгиледи. "Маалымат каражаттарында "Казакстан көмүрдү экспорттоону кыскартат" деген маалымат чыкты. Өкмөтүбүз болсо кыш мезгилине даярдануу боюнча токтомду бербей жатат. Муну тез аранын ичинде карашыбыз керек. Кийинки жумада парламент маалымат угуш керек. Бүгүнкү күнү жергиликтүү көмүр жетеби? Казакстандын экспортко көмүрү келбей калса кыштан кантип чыгабыз, абал кандай болот? Ушул суроолорго жооп керек", - деди Рыспаев.