Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Сайдолимжон Жураев өлкөдө таза суу маселесин чечүү зарыл экенин айтты. Эл өкүлү таза суу менен камсыздалбаган аймактарда тургундар түрдүү ооруларга чалдыгып жатканын негиз кылып, өкмөттүн өкүлүнө бул маселеге көңүл буруу шарт экенин айтты.
"Таза суу маселеси өлкөдөгү приоритеттүү маселе. Мен жакшы түшүнөм, мектептерди, жолдорду куруу да маанилүү. Бирок таза суу - бул калктын бакубаттыгы, ошондуктан биринчи кезекте болушу шарт. Бул агрардык маселе, азыр айыл чарбасы өнүгүп жатат. Дыйкандар айрым учурда химиялык элементтерди пайдаланып жатышат. Бул химикаттар агын суулар менен ичүүчү сууларга кошулуп жатат. Жыйынтыгында биз түрдүү ооруларга туш болуп жатабыз. Кадамжайдагы Үч-Коргон, Масалиев айылдарында ушундай абалдар бар. Ошондуктан ушул айылдарды "Таза Суу" программасына киргизип коюуңуздарды суранам", - деди депутат.