Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков бир жумадан бери мумияны жерге берүү орчундуу маселе болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-октябрда парламент жыйынында билдирди.
"Маданият министрлигинин Тарых музейинде жаткан мумиянын жерге берилиши чоң талкууга түштү. Мунун алдында бир чоң иттин өлүгү бар. Эмне үчүн академиктер 60 жылдан бери жаткан мумия боюнча ачылыш кылган эмес? Илимпоздор ичи ачышып жаткан болсо басып келген эмес. Мумия чирип, жок болуп жаткан сөөктү жерге бергенде чуу чыгарып жатышат. Министр Түгөлбай Казаков "кептин баары мумиянын жаткан жери эмес, менин кызмат ордум" деп айтты. Өз убагында ал сөөктү чет өлкөгө чыгарып сатуу деген демилге болчу. 500 миң долларга сатууга кардар чыккан. Бул маселе президентке дагы жетти. Жогорку Кеңештин тармактык комитетине тапшырма берүү керек", - деп сунуштады Момбеков.
Айта кетсек, Бишкек шаарындагы мамлекеттик тарых музейинде экспонат катары сакталып турган мумия 14-октябрда Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мактым-Гөр деген жерге коюлган. Окумуштуулардын айтымында, белгисиз кыздын мумиясы 1959-жылы Баткен аймагынан табылган. Кийинчерээк көмүлгөн жеринен казып алынып, Бишкектеги тарых музейине өткөрүлгөн.