Депутат "Ошто электр энергия маселесин тааныш-билиштер чечип калды" деп нааразы

Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Бир Бол" фракциясынан депутат Улукбек Ормонов Ош облусунда электр энергиясына байланышкан маселелер жолго коюлбай жатканын айтты.

"Кечээ, кыштын белгиси келип, күн сууктап, жер-жерлерде электр жарыгы өчүп, суроо-талаптар көбөйүп жатат. "Ош электр" ишканасынын Дыйканбай Даминов деген жетекчиси бар. Бул кишиге мындай маселе менен кайрылсаң "бардык маселени Калиев чечет" деген жоопту берет экен. Айбек Калиевге (Улуттук энергетикалык холдингдин башчысы - ред.) кайрылып кетет элем, эгер чын эле ошондой болсо ал кызматты жоюп эле ордуна бир кеңешчи коюп койсо, биз чалганда байланыштырып турсун. Бүгүн кампасында бүт каражаттар турса да бербей басып отурат. Өзү тааныган кишилерге берет экен, тааныбаса бербей коёт экен. "Эл кыйналып жатканына көңүл бурбайт экен. Өзгөн районунун Кеңеш айылында иштебеген трансформаторлор бар. Ушуга көңүл буруу зарыл", - деди Ормонов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kuba-savai87
2017-10-19 10:37:18
Ооба бир гана ошто эмес бишкекте дагы ушундай тааныш бар ишин бутот таанышын болбосо каякта. Анан даарыгерлер тойгозот да корунгону барсан. Ташматка бар дейт ташматы эшматка бар дейт же барсан иш ордунда жок.
+1
Isco23
2017-10-19 10:50:20
Молодец иштеген адамдардв койгула,каяктагы озум билем дегендерди алып
+1
ilgizk
2017-10-19 12:58:03
депутат аягына чыкпайт, айтты койду да...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан