Бүгүн Бишкек шаарынын бир нече көчөлөрүндө жарык өчүрүлөт

Бүгүн, 19-октябрда "Кыргыз улуттук электр тармагы” Ачык акционердик коому 110 кВ (киловольт) чыңалуусундагы “ЖЭБ Бишкек-Түштүк-2” аба чубалгысынын калыбына келтирип жаткандыгына байланыштуу саат 10:00дөн түшкү саат 2ге чейин Бишкек шаарынын бир нече көчөсүндө жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКсынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жарык Төкөлдөш конушунун түндүк бөлүгүндө, Чыгыш-5 кичи районунун түштүк бөлүгүндө, Чүй кең көчөсүндө (Свердлов акимиаты тарапта), №66-орто мектепте, Курманжан датка-Анкара көчөлөрүнүн түндүк-чыгыш тарабында электр энергия өчүрүлөт. Адистердин айтымында, калыбына келтирүү иштери болжол менен саат 14:00гө чейин жүргүзүлөт.

Эске салсак, энергетиктер кечээ күндөн бери шамалдын тийгизген залакасын жокко чыгаруу менен алек.

Кечээ, 18-октябрда саат 05:45те катуу шамал 110 кВ “ТЭЦ Бишкек-Южная-2” аба чубалгысын үзүп, үзүлгөн чубалгы 35 кВ “Промышленная-Энергострой” аба чубалгысына асылып калган. Жыйынтыгында Бишкек шаарынын Свердлов районундагы керектөөчүлөр электр жарыксыз калган. Саат 08:45те керектөөчүлөр электр энергиянын башка булагына кошулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан