Жогорку Кеңеште депутат Канат Исаевдин камакка алынышы боюнча парламенттик комиссия түзүү сунушталды

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова Канат Исаевдин камакка алынышы боюнча парламенттик комиссия түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Канат Исаев жөн эле саясатчы эмес, белгилүү адам, фракциянын лидери. Бир партиянын түптөлүшүнө салымын кошкон. Кесиптешибиз эмне себептен кармалды? Керек болсо жабык эшик артында болсо дагы талкуулашыбыз керек. Үй-бүлөсүнө дагы укук коргоо органы тарабынан туура эмес иштер болгон. Кызынын, жубайынын унаасын тинтишкен. Ушундай маанилүү маселеге кайдыгер карабайлы. Шайлоо бүттү ушундай маселеге көңүл буралы", - деди депутат Өмүрбекова.

Эске салсак, Башкы прокуратура ушул жылдын 30-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал ушул кылмыш иштерин жасоого шектүү катары кармалган. 2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан