Таласта тамак-ашка ууланган окуучулар үйлөрүнө чыгарылды

Таласта тамак-ашка ууланган окуучулар үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда SUPER.KG порталына Талас облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Рахат Сойлубаева билдирди.

Анын айтымында, ууланган балдардын ден соолуктары жакшы. Алардын акыркылары кечээ, 18-октябрь күнү чыгарылган.

"Балдар 16-октябрь күнү кечки тамакты ичкен соң өздөрүн жаман сезе башташкан. Ошол күнү саат 23:30да алгачкылары келишкен. Бизге жалпы 11 окуучу бир күн жатып дарыланып чыгышты", - деди Сойлубаева.

Талас шаарынын санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматына караганда, Кыргыз-Түрк "Сапат" балдар лицейинде жалпы 35 окуучу тамак-аштан ууланган. Ууланган 11 окуучу Талас облустук ооруканасына кайрылган.

Азыркы учурда окуучулардын уулангандыгынын себебин тактоо үчүн Талас шаарынын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун лабораториясында изилдөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан