Депутат "10 миң спортчуга ылайыкталган спорт зал куруу керек" дейт

Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Тазабек Икрамов 10 миң спортчу бата турган шарт менен спорт зал курууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-октябрда парламент жыйынында билдирди.

"Жакында эле Түркмөнстанда Азия оюндары болуп өттү. 63 мамлекеттин ичинен биздин спортчулар 70 медаль менен келишти. Бизде, Кыргыз мамлекетинде замандын талабына жооп бере турган спорт залдар жок. Жакшы шарт түзүлгөн спорт зал курушубуз керек. Спортчуларыбыз өлкөбүздүн желегин көтөрүп жатат. Кийинки жылы грек-рим күрөшү боюнча чемпионат болот. Өлкөдө даярдык кыла турган эч нерсе жок. Спорт Сарайын оңдоп, ошол жактан даярданса жакшы болмок", - деп сунуштады Икрамов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle_I
2017-10-19 11:03:51
Мектептерди биринчи толук камдуу кылып куруш керек. Анан медицинаны өнүктүрүү зарыл. Кийинки ирээтте гана спортко , маданиятка көңүл бурулушу зарыл.
+1
Azat.97
2017-10-19 12:29:15
Айланайындар стадион салгылачы.Мен ойлой берем Кок-жар менен Алтын ордонун ортосунда ээн жер барго горькийдин жээгинде.Ошол жерге стадион салынса деп ойлой берем.Баары бир сатылып кетет ал жерлер.Акчасы аткаминерлердин чонтогуно тушот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан