Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны 30га жакын депутаттын катышуусу менен өтүүдө. Бирок 87 депутат катталган деп белгиленип турат.
Бүгүнкү жыйындын күн тартибинде 6 маселе коюлган. Учурда эл өкүлдөрү ар кандай маселелер боюнча пикирлерин айтып жатышат.
Эске салсак, парламент президенттик шайлоого чейин комитет, фракция жана жалпы жыйындарына пассивдүү катышып, кворум жок болгон учурлар кездешкен. Мындан улам депутаттар шайлоодон кийин иштөөнү чечишкен. Кечээ, 18-октябрда Жогорку Кеңештин шайлоодон кийинки биринчи жыйыны өткөн.