Депутат Кыргыз жерине көчүрүлүп келген памирлик кыргыздардын жашоосуна көңүл бурууга чакырды

Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Курманкул Зулушев жакында Памирден көчүрүлүп келген 33 этникалык кыргыздардын мындан аркы абалы кандай болоруна кызыкты. Ал өкмөттүн тиешелүү адамдарын чакыртып, бул маселеде маалыматтарды угуу шарт экенин айтты.

"6 жылдан бери Кыргыз мамлекети тарабынан памирдеги этникалык кыргыздарга жетиштүү көңүл бурулбай, жакшы иш-чара жүрбөй жаткан. Мына акыркы убакта 30дан ашык памирлик кыргыздарды алып келишти. Эми өкмөттүн тиешелүү адамдарына ыраазычылык билдирип, Нарын жергесине көчүрүп келгенден кийин алардын жашоосуна да көңүл бурсак. Булардын адаптация болушуна да чоң көңүл буруп коюу зарыл. Ошондуктан бул маселелерге да көңүл буруп коюу керек", - деди депутат Зулушев.

Эске салсак, 12-октябрда Ооганстандын Памир өрөөнүндө жашаган 6 үй-бүлө, жалпы 33 этникалык кыргыз мекенибизге көчүрүлүп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
taalay25
2017-10-19 11:50:40
Аларды жондон жон эле бага бербей адаптация жана ребилитация иштерин жургушун керек. Балык эмес кайырмак бериш керек мындайча айтканда. Мисалы: сабатын ачыш керек, социалдык маселелерине конул буруш керек, караганга мал, иштеткенге жер берип дыйканчылык иштерин уйротуу керек. Жон эле багып жата берген болбойт. Малды деле сарайга камап коюп бага берсен жата берет. Оз жерине булар кайра кайтканда уйронгон нерселерин барып оздоруно уйроткондой болуш керек.
+3
surgeon777
2017-10-19 12:01:53
taalay25,оз жерине кайра кайтканда дегенин не?!) оз жерине келишти го,Кыргыз жерине,тескерисинче калгандарын да алып келиш керек.
+8
no.comment
2017-10-19 12:29:30
surgeon777, командировкага келишти деп журсо керек ))
+3
orun
2017-10-19 21:37:07
surgeon777, вице премер мнистр айым беле? Ошонун айтуусунда буларды окутуу учун эле алып келишкен имиш. Жанылыктарды окубадынарбы? Биротоло кочуруп келген жокпуз деп сайрап жатышты го..
0
BekAmir
2017-10-19 14:41:31
Мекенине коздору торт болуп аран келишсе,КР пасспорт бериш керек
+1
Azahan
2017-10-19 15:18:19
BekAmir,мал бакса малынада паспорт берилет анан налог толош Керек соц фронт толош Керек кыскасы толош Керек ыр дасада толош Керек бийлеседа толош Керек суйлосо да толош керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан