Полиэтилен таштандылары депутаттын тынчын алууда

“Полиэтилен таштандылары чоӊ экологиялык көйгөйгө айланып, бул маселени чечүүгө мезгил жетти”, - деди бүгүн, 19-октябрда парламент жыйынында КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаев.

Анын ою боюнча, полиэтилен айлана-чөйрөнү булгап, адамдардын ден соолугуна орду толгус зыян келтирүүдө.

“Полиэтилен көйгөйүн азыртадан чече баштабасак болбойт. Бул маселе тереӊдеп кетиши мүмкүн. Азыр өнүккөн өлкөлөрдө мындай экологиялык көйгөйдү чечүүнүн натыйжалуу жолдору иштелип чыгыптыр. Өкмөт бул маселени дыкат иликтеп чыгып, полиэтилен калдыктарын жоготуунун алдынкы технологияларын колго албаса болбойт”, - деди Артыкбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Abdusamat.kg
2017-10-19 11:30:48
1 миллиардер бар өзү терип өзү бизнес кылат ушул багытта
0
grace
2017-10-19 11:49:32
Аксы районунда полтэтиленден сууну тамчылатып сугаруучу түтүктөрү чыгарган ишкана ачылыптыр, килограммын эл 25-35 сомго тапшырат экен. Ошондой ачсаңар Ош менен Бишкекке.
+2
grace
2017-10-19 12:52:41
grace,Ала-Бука районунда экен.Аксыда эмес.
+1
Isco23
2017-10-19 12:54:48
Молодец ушундай сунуштарды киргизип чечсенер болот го. Барып алып ХХХХ эле отура бербей ак уйдо
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан