Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карамат Орозова өлкөдө абитуриенттердин көбү Бишкектеги жогорку окуу жайларга агылып жатканын билдирди. Депутат аймактагы ЖОЖдорго студенттер барбай жатканын айтып, маселени чечүүнү сунуштады.
"Аймактык университеттерде көп балалуу, шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдары окушат. ЖОЖдорго кабыл алууда бирдиктүү упайлар киргизилген. Бул деген бардык ЖОЖдорго кабыл алуу 110 упайдан жогору болот деген норма. Аймактык окуу жайларга кабыл алууда босоголук упайларды төмөндөтүүнү сурандык. Анткени аймактык университеттердин факультеттери толбой жатат. Балдардын баары борбордо окугусу келип, 110 упайдан бир аз өтсө эле өтө талап күчтүү ЖОЖдорго тапшырып алышып, келишимдик негизде окууга калып жатышат. Аймактык университеттерге кабыл алуудагы босоголук упайды түшүрүп, талап өтө күчтүү ЖОЖдорго кабыл алуудагы упайды 130га көтөрүү керек", - дейт Орозова.