"Жер-Үй" алтын кенин иштетүү укугун утуп алган компания алтын тазалоочу фабриканы курууда кечигип жатканын SUPER.KG порталына Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Дайыр Кенекеев билдирди.
"Ачыгын айтайын, алтын тазалоочу фабриканы курууда кечигип жатышат. Кечиккен ар бир ай үчүн айып каралган. Ал маселе Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарды пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин көзөмөлүндө", - деди Кенекеев.
Айта кетсек, “Жер-Үй” алтын кени 1968-жылы ачылып, 1980-жылдардын аягында курулушу башталган. Бирок союз таркап кетип каражаттын жоктугунан улам токтоп калган. Кийин бир канча чет элдик инвесторлор кенди иштетүү кызыкчылыгын көздөп, лицензия ээлери байма-бай алмашып турган. 2015-жылы "Русская платина" компаниясы “Жер-Үй” алтын кенин иштетүү укугуна ээ болуп, Кыргыз өкмөтүнө 100 миллион доллар төлөп берген.
Сынактын шартына ылайык, компания кенди иштетүү боюнча техникалык негиздеме бекитилген соң 18 айдан кечиктирбей ишти башташ керек. Долбоордун техникалык негиздемеси 2017-жылдын 28-августунда макулдашылган.
Ага ылайык, компания 3 айдан кечиктирбей, тактап айтканда, 2017-жылдын 28-ноябрына чейин алтын тазалоочу фабриканы жана калдык сактоочу жайдын курулушун башташ керек.
Ошондой эле 18 айдан кечиктирбей, тактап айтканда, 2019-жылдын 28-февралына чейин фабрика жана калдык сактоочу жай иштеп башташ керек.
Эгер келишимде көрсөтүлөн мөөнөттөр аткарылбаса, ар бир ай үчүн компания 100 миң доллар (АКШ) айып төлөйт.