Бүгүн, 19-октябрда парламентте Орусиянын Кыргыздагы 240 миллион доллар карызын кечүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды.
Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, 240 миллион доллар карызды кечүү мамлекеттик тышкы карыздын деӊгээлин 3,8 пайызга кыскартат. Эгерде бул протокол ратификацияланса, Кыргыздын Орусияга карызы толугу менен жоюлат.
Депутат Дастан Бекешев бул карыз кандай максатта алынганын сурады. Каржы министринин айтымында, карыз мамлекеттик бюджет үчүн алынган. Убагында бюджеттин чыгашасын жабууга пайдаланылган.
Мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.