Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңеш кенди иштетүүнү тездетүүгө багытталган мыйзамын жактырды. Мыйзам долбоордун демилгечиси депутат Кожобек Рыспаев.
Маалыматка ылайык, “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунда өкмөт Жогорку Кеӊештин макулдугу менен иштетиле турган кенди белгилүү бир жакка сынаксыз эле бере алат деп жазылган.
“Тоо-кен тармагы өлкө экономикасынын артыкчылыктуу тармактарынын бири болуп саналат. Колдонуудагы мыйзам учурдун талаптарына толук жооп бербей калды. Азыр кен иштетүү жаатында баш аламандыктар болуп, көптөгөн талаш-тартыштар жаралууда. Ошондон улам жер казынасына байланыштуу мыйзам базасын өркүндөтүү зарылчылыгы келип чыккан”, - деп билдирди Рыспаев.