Эл аралык соода уюмдары боюнча мүмкүнчүлүктөрүн Кыргыз мамлекети толук пайдалана албай жатат. Бул тууралуу 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Азамат Арапбаев билдирди.
“Өзбекстан атайын программалар менен учурда смартфондорду чыгарып жатышат. Биз 13-14 жылдан бери эл аралык соода уюмдарына мүчөбүз. Алар мүчөлүк акысын бизден талап кылып эле маанилүү маселе чече элек. Ушундай уюмдарга мүчө болуу бизге канчалык пайдалуу экенин карап чыгышыбыз керек”, - деди Арапбаев.
“Биз ЮНИДО уюмуна 1993-жылы киргенбиз. Ошондон бери бул программа иштеп жатат. Ушул программа боюнча 25 жыл ичинде 11 долбоор бүткөн. Жалпы суммасы 1 миллион 800 миң доллар. Биз бул программага киргенде жай иштечүбүз. Быйыл катуу киришип жатабыз. Быйылкы жылдан тарта бул программа менен жалпы 8 миллион долларлык 6 долбоор ишке ашырылат”, - деди Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскулов.
Белгилей кетсек, Өнөр жай, энергетика министрлигинин берген маалыматына караганда, Кыргызстандын 1993-жылдан бери топтолуп калган БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмуна мүчөлүк акы төгүмү 385 миӊ долларды түзөт.