Бишкекте социалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленди

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында социалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, майрамдык иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Канатбек Мүзүралиев, Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, шаардык кеңештин депутаттары, мэриянын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нурбек Курманбеков жана социалдык кызматкерлер катышты. Иш-чаранын соңунда ырчы-бийчилердин катышуусунда концерт тартууланды.

"Жыл сайын социалдык коргоо органдары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 82 миңден ашуун шаар тургунуна 24 түрлүү социалдык жардам көрсөтүшөт. Алсак, жакыр адамдарга 12 миң 400 сом өлчөмүндөгү стипендия, согуш жана эмгек ардагерлерине квартал сайын 803 миң сом, 1932-жылга чейин төрөлгөн жарандарга 2 миң 500 сом, жакыр жашаган үй-бүлөлөргө бекер көмүр берилет", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан